12.06.2018 10:43

Өлкөгө «Lexus GX470»  унаасын аткезчилик жол менен алып кирүү фактысы аныкталды

Өлкөгө «Lexus GX470»  унаасын аткезчилик жол менен алып кирүү фактысы аныкталды

Өлкөгө «Lexus GX470»  үлгүсүндөгү унааны аткезчилик жол менен алып кирүү фактысы аныкталды. Бул туурасында Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү башкармалыгынан билдиришти. 

Аталган үлгүдөгү автоунаа КР аймагына 2017-жылы киргизилип, Каракөл шаарындагы Унаа каражаттарын жана айдоочунун курамын каттоо департаментинде жасалма документтер менен катталган.  Кийин кылмыш ишти жашыруу максатында көрсөтүлгөн машина бир нече ирет Өкмөткө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынан кайра каттоолордон өткөн. 

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы тарабынан чогултулган материалдар боюнча  Башкы прокуратура Кылмыш кодексинин 304-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 204-беренеси (аткезчилик) жана 350-беренеси ( документтерди жасалмалоо)  боюнча кылмыш ишин козгоду.

Үстүбүздөгү жылдын 1-июнунда ыкчам-иликтөө иш-чаралардын жүрүшүндө  Бишкекте «Lexus GX470» үлгүсүндөгү 2007-жылы чыгарылган унаа кармалды.  

Алдын-ала эсептөөлөр боюнча, унааны өлкөгө  аткезчилик жол менен алып кирүүдөн  мамлекетке 1 млн 979 миң чыгым келтирилген.